Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы акция өттү

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшүнө чыгышты.

"Азаттыктын"кабарчысынын жана акцияга көз салган байкоочулардын божомолунда ага 400-500дөй адам катышты.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтышып, ушул өңүттө кыргызча жана орусча чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү.

Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка барып, талаптарын айткан соң тарап кетишти.

Активисттердин жүрүшү бир жарым сааттай убакытка созулду.

Бишкек шаары. 22-ноябрь, 2020-жыл

Бишкек шаары. 22-ноябрь, 2020-жыл

Акцияга 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген саясатчылардан Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз жана мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев, парламент депутаты Дастан Бекешев жана башкалар катышты. Алар жаңы сунушталган Баш мыйзам жарандардын укуктарын чектей турганын, аны эл аралык коомчулук тааныбашы ыктымалдыгын белгилешти.

Бишкек. 22-ноябрь, 2020-жыл.

Бишкек. 22-ноябрь, 2020-жыл.

Катышуучулар "Биз бийликти узурпациялоого, мыйзамсыздыкка жана мыйзамсыздыкка каршыбыз!" деген ураандын астында биригишкен.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылып, тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдирип чыгышты.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес.

Ал социалдык тармактарындагы баракчаларында «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деген пикирин жазган.

Долбоорду 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме талкуулоого киришкен.