"Ата Мекен" партиясынын штабына белгисиз кишилер келип талап койгону кабарланды

"Ата Мекен" партиясынын желегин көтөргөн жаран. 2017-жылы тартылган сүрөт.

21-ноябрда түштөн кийин "Ата Мекен" партиясынын Бишкектеги штабына белгисиз кишилер келип ызы-чуу салганын партия мүчөлөрү "Азаттыкка" кабарлашты.

Штабды кайтарып отурган кызматкердин айтымында, алар партия лидери Өмүрбек Текебаевдин жаңы сунушталып жатканы Конституциянын долбоорунун авторлорун "Азаттыктын" эфиринде сындаганы үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.

Алар 15 мүнөттөй кыйкырып туруп, тарап кетишкен.

Штаб кызматкери "Фейсбукка" чыгарган видеодо айнек эшиктин сыртында бир канча адам турганын көрүүгө болот.

Азырынча партиянын атынан бул окуяга байланыштуу расмий билдирүү таратыла элек.

"Ата Мекен" социалисттик партиясы эгемен Кыргызстандын тарыхында эң алгач түзүлгөн партиялардын бири. 1992-жылдын декабрында каттоодон өтүп, төрайымы Камила Кененбаева болгон. 1994-жылдын ноябрындагы курултайда төрагалыкка Өмурбек Текебаев бекитилген. (SE)