COVID-19: ДССУнун эксперттери ремдесивирди колдонбоону сунуш кылышты

«Ремдесивир» дарысын америкалык «Гилеад» фармацевтикалык компаниясы алгач Эбола вирусун дарылаш үчүн иштеп чыккан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери ремдесивир аттуу антивирустук дарыны коронувирус жуккан адамдардын абалынын оор же жеңил экенине карабай аларды дарылоодо колдонбоону сунуш кылышты. Уюмдун соңку сунуштамасында бул препарат бейтапты батыраак айыктырат же өпкөнү жасалма дем алдырган аппаратка муктаждыкты азайтат деген ырастама далилденбегени айтылат.

Ушундан улам окумуштуулар ремдесивирди коронавирусту дарылоодо пайдалануу боюнча клиникалык сыноону токтотушту.

Өткөн айда АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус болуп ооруган жана ушул препаратты ичип айыкканын айтып чыккан.

Ушул жылы жайында АКШ ремдесивирдин болгон запасын сатып алган.

Анын алдында Вашингтон ремдесивирди коронавирус илдетин дарылоодо колдонууга уруксат берген. Анда «бул антивирустук дары өпкөсү сезгенген бейтаптардын тезирээк айыгышына өбөлгө түзөрү сыноо учурунда аныкталды» деп айтылган.

«Ремдесивир» дарысын америкалык «Гилеад» фармацевтикалык компаниясы алгач Эбола вирусун дарылаш үчүн иштеп чыккан.

Дагы караңыз

АКШда коронавирустун мизи кайтпай жататCOVID-19 дагы бир дарыгердин өмүрүн алдыӨкмөттүн реформасы: Эски система, жаңы талап “Конституцияны жаңы парламент кабыл алсын”