Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алар эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Новиков Умурзаков менен мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, өндүрүш чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду түзүү, логистикалык борборлорду, эки өлкөнүн чек арага чектешкен облустарында эркин экономикалык аймагын куруу маселесин талкуулады.
Новиков Өзбекстанга коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Эки тарап 2020-жылдын декабрь айында чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин үчүнчү отурумун өткөрүү боюнча макулдашты. (TSh)
Дагы караңыз
Экс-президент Отунбаева жаңы бийликти эл аралык коомчулуктун пикирин эске алууга чакырдыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКонституциялык кеңешменин жыйыны өттүБишкекте Конституциянын жаңы долбоорун талкуулаган жыйын өтүүдө