Салянова: Конституциянын жаңы долбоору абсолюттук диктатурага жол ачат

Аида Салянова, мурдагы башкы прокурор.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттар тобу сунуш кылган Конституциянын жаңы долбооруна «Фейсбук» баракчасы аркылуу пикирин билдирди.

Салянова биринчиден парламент учурда легитимсиз, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок экенин белгиледи.

«Жаңы долбоор башкаруу системасындагы бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жокко чыгарып, абсолюттук формадагы диктатураны орнотууга жол ачат. Француз диктатору Людовик XIVгө тиешелүү деп айтылып жүргөн «Мамлекет - бул мен» деген ойду камтыган долбоор болуптур десем жаңылышпайм», деп жазган ал.

Мурдагы башкы прокурор мындагы президентке беш жылдан эки жолу шайлануу жана референдум дайындоо укугу берилгенин айыптап, бул анын ыйгарым укуктарын кеңейтип, башка кесепеттерге алып келерин эскертти.

Аида Салянова 90 депутат менен кворум 46 депутат болсо, демек мыйзамдарды 24 эле депутат кабыл алуу укугуна ээ болуп каларын, анда парламентке элдин ишеними таптакыр жок болорун кошумчалады. Ал ошондой эле Жогорку Кеңешке аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер келе албай каларын айтып, муну расизмге теңеген. Саясатчы мындан сырткары жаңы долбоор Кыргызстан элин «кыргыз эли жана башка бир тууган элдер» (братские народы) деп бөлөрүн осолдук катары баалаган.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.

Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине 19-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берип, муну бут тосуу катары баалаган. Жапаров анда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын көрсөттү» деп белгилеген. (ErN)