УКМК Кара-Сууда эки айыл өкмөт башчынын үйү тинтүүгө алынганын ырастады

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн тастыктады.

Мекеменин басма сөз кызматы 19-ноябрда бул тууралуу маалымат таратып, тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөнүн, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүнөн атылбай турган курал табылганын, ал экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди.

УКМК Ош шаарында жана Ош облусунда түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ боюнча Жазык кодексинин «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» деген 248-беренесинин негизинде иш козголуп, «криминалдык элементтердин облустагы коомдук-саясий абалга таасир этишине жол бербөө, кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо жана аларга бөгөт коюу» иши жүрүп жатканын билдирди.

Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов буга чейин үйү жана иш бөлмөсү тинтүүгө алынганын айтып, «саясий куугунтук кылып жатышат» деген, бирок кимдин куугунтугу экенин ачык айткан эмес.

Ал Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан. Сайпидинов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий бере элек. (RK)