«Өзгөрүш» кыймылы: Жаңы Конституция ушу бойдон кабыл алынса өлкө келечегине балта чабылат

Кыргызстандын Конституциясы.

«Өзгөрүш» коомдук кыймылы Конституциянын коомдук талкууга коюлган жаңы долбоору ушул калыбында кабыл алынса Кыргызстандын келечегине балта чабылат деп эсептейт. Кыймыл 19-ноябрда билдирүү жарыялап, долбоор кескин өзгөрүүлөргө, алымча-кошумчаларга муктаж экенин белгиледи жана Кыргызстан парламенттик-президенттик башкаруу системасы менен гана өнүгүүгө жетише алат деген ишенимин билдирип, долбоорго каршы биригүүгө чакырды.

Кыймыл президент бир гана мөөнөткө алты жылга шайланганы туура экенин билдирип, «эки мөөнөткө 10-15 жылга шайланган буга чейинки президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин каталарынын кайталанышы Кыргызстан элинин жашоо-турмушун төмөндөтүп, мамлекетти артка тартканын унутпаш керек экенин» эскертти. Парламент толук бойдон партиялык система менен түзүлгөнү кыргыз элинин тарыхый өнүгүшүнө, каада-салттарына туура келерин кошумчалады.

Кыймыл «120 депутатты көп деп эсептеп жаткан маалда 40 райондон, жети облустан Курултайга шайланган делегаттарга автоматтык түрдө депутаттык укук тийип, өлкө 120 депутаттын ордуна 1200 депутатка ээ болот» деген тынчсыздануусун билдирди.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Долбоорду колдогон депутаттардын бири, вице-спикер Мирлан Бакиров Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланышы ыктымалдыгы тууралуу кооптонгон пикирлер негизсиз экенин айтып, буга чейин өлкөдөгү көйгөйлөр үчүн жоопкерчиликти эч ким тартпай келсе, эми баарына президент жооптуу болорун, бул туура экенин билдирген.

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев Баш мыйзамдын долбоору жашыруун иштелип чыкканы тууралуу дооматтарды четке кагып, төмөнкүлөрдү айткан:

«Демилге көтөрүп жаткан 80 депутат кол коюп, автор болуп чыгып жатат. Коомчулукта көп демилгечи топтор бар. Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңештин аппаратына 40-50дөй долбоор киргизилген. Ошонун баарын карап чыксын деп эл талап кылып жатат. Жашыруун эмес. Депутаттар карап чыгып, акыркы вариантын даярдайт деп ойлойм».

Жаңы түзүлүп жаткан «Өзгөрүштү» мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев жетектейт. Анын айтымында, кыймыл Кыргызстандагы прогрессивдүү, алдыӊкы жарандардын ыктыярдуу баш кошуусу катары түзүлүүдө. (RK)