19-ноябрда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;
Талас жергесинде түнкүсүн -11...-16, күндүз -6…-11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -14…-19 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -6…-8 градус болот.