Тажикстандагы окуяларды чагылдырган Чехиядагы «Ахбор» интернет-басылмасы ишин токтотту. Бул тууралуу басылманын башкы редактору Мирзо Салимпур билдирди. Анын айтымында, мындай кадамга Тажикстандын Жогорку соту порталды өлкөдө тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизгени себеп болду.
«Тилекке каршы, бул негизсиз чечимден соң журналисттер биздин сайтка материалдарын жөнөтө албай, эксперттер менен аткаминерлер орчундуу окуялар боюнча пикирин билдире албай калышты. Алар тыюу салынган сайт менен кызматташты деп айыпталышы мүмкүн», - деди Салимпур.
«Ахбор» басылмасы 2016-жылы Чехияда негизделип, Тажикстандагы жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрндөгү окуяларды чагылдырып келген. Тажикстанда бул сайт эки жыл мурун ачылган.
Быйыл жайында Тажикстандын Башкы прокуратурасы Мирзо Салимпурдун жакындарынан «Ахбор» сайты менен кызматташпоону жана андан акчалай жардам албоону талап кылган.
Окуганга кызыктуу
Үмүт жандырган дагы бир америкалык вакцина Коронавирус дагы бир мыкты дарыгерди алып кеттиЮристтер парламент кабыл алган мыйзамдардан күмөн саноодо