Коронавирус боюнча кенемте оору жуккан 3750 дарыгердин 508ине төлөндү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан дарыгерлердин 479уна 200 миң сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу 17-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, кенемте министрликтин атайын комиссиясынын чечимине ылайык төлөнүп берилүүдө.

Коронавирусту жумушунан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 29унун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөндү.

17-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 67 469 кишиге жукту, алардын 1207си каза болду.

Оору жуккандардын арасынан 3750сү медицина кызматкери. Алардын 3505и айыгып чыкты. Каза болгон дарыгерлердин саны 80ден ашты. (RK)