Кыргызстанда ооруканалардын дары-дармек ташуучу компанияларга карызы бүгүнкү күндө 360 миллион сомдон ашууда. Бул тууралуу 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Дары-дармек жана коргоочу костюмдар үчүн карыз боюнча маалымат 1-ноябрга карата экени айтылды.
Депутат Айнура Аскарова коронавирус пандемиясына байланыштуу дарыгерлерге төлөнүп берилүүчү кенемте маселесин көтөрдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлү коронавируска каршы күрөшкө 343 миллион доллар келгенин белгилеп, дарыгерлерге тийиштүү кенемте берилип жатканын билдирди.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул илдет дээрлик 67 миң адамга жукту. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстанда «Медайымга рахмат айт» өнөктүгү башталдыЖакшы сүрөтүм жок президенттикке талапкер болбой калдым!Коронавирус дагы бир мыкты дарыгерди алып кеттиТажикстан соттолгондордун жакындары менен жолугушуусуна уруксат бердиЧубак ажы: Тумоо учурунда үйдөн чыкпай отуруу да соопАКШнын эки штаты коронавируска каршы жаңы чараларды жарыялады