Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргыз Республикасынын медициналык билим берүүсүн реформалоо» долбоорунун колдоосу менен «Медайымга рахмат айт» маалымат өнөктүгүн баштады. Мекеме кабарлагандай, акция 21-ноябрга чейин уланат.
Өнөктүктүн алкагында жалпы маалымат каражаттарында жана коомдук жайларда социалдык жарнамалар (плакаттар, постерлер, видеороликтер) жайгаштырылып, медайымдар телерадио берүүлөрүнө катышат. Социалдык тармактарда (#МедайымдаргаРахмат #СпасибоМедсестрам хештеги астында) онлайн иш-чаралар уюштурулуп, кесипкөй адистер сыйланмакчы.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мурдараак 2020-жылды Медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылы деп жарыялаган. Кампания ушуга арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.
2020-жылы Кыргызстанда 2428 акушерка, 1450 фелдшер, 25597 медайым калкка медициналык-профилактикалык жардам көрсөттү.
Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул топтун өкүлдөрү быйыл «кызыл» зоналарда, көчмө топтордо, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө, ошондой эле 118 байланыш борборунун операторлору катары эң чоң жүктү аркалашты.
Акыркы суткаларда күнүнө 20дай медицина кызматкеринен коронавирус илдети табылып жатат. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 735 учур катталды, алардын ичинен 3 499 дарыгер сакайды. (ErN)