Спорт: Токио Олимпиадасы 2021-жылы сөзсүз өтөт

Олимпиада шакектеринин айкели. Жапония Олимпиада комитетинин баш кеңсеси, Токио. 24-март, 2020-жыл.

Коронавирус илдетинин тез жайылышынан улам 2020-жылдан 2021-жылга кечеңдетилген Токио Олимпиадасынын мөөнөтү эми башка эч өзгөртүлбөйт.

16-ноябрда Токио шаарында Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга менен Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчиси Томас Бах дал ушундайча макулдашканы маалым болду. Дүйнө жүзүндө пандемиялык кырдаал кандайча өзгөрөрүнө карабастан, Олимпиада оюндары 2021-жылдагы мөөнөтүндө өткөрүлөт.

Томас Бахтын убадасына караганда, бул оюндарга чейин вакцина колго тийчү болсо, анда бардык спортчуларды вакцина менен камсыз кылууга колдон келишинче аракет жасалмакчы. Олимпиада оюндары коронавируска каршы жалпы күрөштө адамзат үчүн караңгы түпкүрдүн соңунда чачырап көрүнгөн жарыктай болууга тийиш.

Кийинки жылга кечеңдетилген Олимпиада канча убакыт калганын көрсөткөн электрондук жылнаама. Токио шаары. 23-июль, 2020-жыл.

Жапониянын премьери Суга да Токиодогу бул оюндар «адамзат алааматтуу вирусту жеңип чыккандыгынын далили» катары татыктуу уюштурулушу керек экенин белгиледи.

2020-жылкы Олимпиада оюндарын 2021-жылга кечеңдете туруу тууралуу чечим быйыл март айынын соңунда бир катар улуттук Олимпиада комитеттеринин чакырыгына ылайык кабыл алынган. Жапонияга эчак жеткирилген Олимпиада оту «үмүт шам чырагы» катары бул өлкөдө сакталып турушу керек деп чечилген.

Токио Олимпиадасы быйыл 24-июлдан 9-августка чейин өткөрүлмөк. Эми 2021-жылы жайында өткөрүлмөкчү болсо да, оюндар «2020-жылкы Токио Олимпиадасы» деген аталышты сактап калмакчы. Мунун негизги себеби каржылык маселелерге көбүрөөк байланыштырылууда.