Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев жана анын орун басары Башкы прокуратуранын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 16-ноябрда «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы кабалады.
Мекеме билдиргендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 13-ноябрындагы токтомуна ылайык, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурорунун өтүнүчү канааттандырылып, алардын бөгөт чарасы катары келерки жылдын 13-январына чейин үй камагы тандалды.
Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары дайыма пара алып жүргөнү аныкталып кармалганын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына отургузулганын бул мекеме 12-ноябрда кабарлаган.
УКМК Аламүдүн райондук прокуратурасындагы «системалуу коррупция» тууралуу маалымат келип түшкөнү, текшерүү учурунда мекеменин жетекчилиги карамагындагы тергөө башкармалыктары менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча тигил же бул чечимди кабыл алыш үчүн акча талап кылып жүргөнү белгилүү болгонун билдирген.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бул факт боюнча сотко чейинки териштирүүнү Жазык кодексинин «Пара алуу» деген 325-беренесинин негизинде жүргүзө баштаганы маалымдалган.
Кылмыш боюнча шектүү прокурорлор жана алардын жактоочулары УКМКнын маалыматы боюнча комментарий бере элек.
Октябдагы бийлик алмашуудан кийин президенттин милдетин убактылуу аткарган Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын 29-октябрда өкмөттүн жыйынында айткан. (RK)
Дагы караңыз
Матраимовдун үч медиа менен соту уланууда Финпол: Максим Бакиевдин өнөктөшүнүн мүлкү боюнча ишке байланыштуу сот кызматкерлери кармалдыБатукаевдин иши боюнча Аида Салянованын соту уланатКытай лидерлери менен Ли Куан Юнун мамилесиСадыр Жапаров ШКУнун алкагында коррупцияга каршы биргелешкен орган түзүүнү сунуш кылдыАкчасын өндүрүп, айыпкерин жашырган күрөшЗулушев: Прокуратура саясий куугунтукка барбайт