Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жүк келди

Өзбекстан жөнөткөн жүк Бишкекке келип түшкөн учуру. 15-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Бишкекке Ташкенттен кезектеги гуманитардык жүк келди.

Гуманитардык жүктү кабыл алуу аземине вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Сурабалдиева өкмөттүн атынан өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында Кыргызстан жана Өзбекстан биргелешкен күч-аракеттер менен COVID-19 эпидемиясына каршы күрөштө жеңишке жетерине ишенимин айтты.

Жүктө бир жолу колдонулуучу мээлей - 100 миң даана, бир жолку коргоочу комбинезондор - 10 миң даана, коргоочу көз айнектер – 2 миң даана, бир жолку бет каптар – 100 миң даана, «Гепарин» 5 мл – 1 миң куту, «Ремдесевир» – 5 миң таңгак, COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң даана, вирусту аныктоо үчүн тест – 10 миң даана, натрий хлор 100 мл – 4 миң даана, бир жолку шприцтер – 60 миң даана, тамчылатуучу каражаттар – 20 миң даана экени маалымдалды.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда кызматын тапшырган жана буга чейин президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 14-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган. (ErN)

Дагы караңыз

COVID-19: Дагы төрт киши каза болду, 479 бейтап жаңы катталдыМолдовадагы президенттик шайлоодо Майя Санду алдыга чыктыБатукаевдин иши боюнча айыпталуучу тараптын доо арызы Жогорку сотто каралат