Молдовадагы президенттик шайлоодо Майя Санду алдыга чыкты

Майя Санду Кишинёвдогу басма сөз жыйынында. 13-ноябрь, 2020-жыл.

15-ноябрда Молдовада өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бюллетендердин 99% саналып бүткөндө мурдагы премьер-министри Майя Санду алдыга чыкканы кабарланды. Батышчыл талапкер 57% добуш алса, учурдагы президент, орусиячыл саясатчы Игорь Додон 43% добушка ээ болгон.

Буга чейин Санду Кишинёвде добуштардын 59,45% алганы айтылган. Додонго баш калаада 40,55% добуш тийди. Учурдагы президентке Приднестровье аймагынын тургундарынын 85,22% добуш берген. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун экинчи айлампасына шайлоочулардын 52,58% катышканын белгиледи.

Сандуну чоң шаарлардын тургундары, жаштар жана Европа өлкөлөрүндөгү молдовандардын диаспоралары колдоду. Додонго болсо айыл жергесинин жашоочулары жана Орусиядагы шайлоочулар добуш беришти.

Майя Санду өзү добуш бергенден кийин журналисттердин алдына чыгып, аны колдогон Молдованын бардык жарандарына ыраазычылык билдирип, өлкөнүн элин биримдикке чакырды.

Дүйнөлүк банктын экономисти, Молдованын экс-премьер-министри Санду коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө жана Европа Биримдиги менен мамилени чыңдоого убада берип жатат.

2016-жылдагы президенттик шайлоодо Додон экинчи айлампада Сандуну жеңип алган.

Башка өлкөлөрдө жашаган диаспоралар бул шайлоодо өтө активдүүлүгүн көрсөттү. Иш жүзүндө ар бир алтынчы молдован чет өлкөдөн добуш берген. Шайлоого катышкан бир жарым миллион кишинин 250 миңи шайлоого сырттан туруп катышты.

Орусия 3,6 миллион эли бар мурдагы советтик жумуриятты 95% жаратылыш газы менен камсыз кылып келет. БУУнун чакырыктарына карабай, Приднестровьеде орусиялык аскерлер жайгаштырылган.

Молдова 2014-жылы Еврошаркет менен ассоциациялык келишимге кол койгондон бери Москва менен Кишинёвдун мамилеси сууп кетти.

Кызыктуу

Президенттик шайлоого кимдер баратат?Дин маданиятын окутуу создукту Тоолуу Карабак: Үч район Азербайжанга өткөрүлөт