Өкмөт: 2021-жылы бюджеттин тартыштыгы 7 млрд. сом болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 163 млрд. 26 млн. сом, чыгаша 170 млрд. 64 млн. сом ал эми тартыштык 7 млрд. сом болот деп болжоп жатат.

Бул тууралуу 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «2021-жылдын бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата божомолу тууралуу» мыйзамдын долбоорун талкуулоодо айтылды.

Маалыматка караганда, келерки жылы Мамлекеттик салык кызматынан 89 млрд. 850 млн. сом (2020-жылы 93 млрд. сом деп болжолдонгон), Бажы кызматынан 52 млрд. 384 млн. сом (2020-жылы 51 млрд. 653 млн. сом деп пландалган) салык түшөт деп күтүлүүдө.

Финансы министрлиги 2021-жылы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаал жөнгө салынып, турукташтырылгандан кийин экономика калыбына келет деп пландоодо. Ага ылайык, 2021-жылы ички дүң өнүм (ИДӨ) 5% өсөт деп болжолдонууда.

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд. сомду түзөрү белгилүү болгон. Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 14-октябрдагы парламенттин отурумунда дефицит 42 млрд. сомго чейин жетиши ыктымал экенин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

«200 млн. доллардан ашык капитал чыгарылды»Көмүскө акча ташыгандар тыйыла элекЖаңы бийлик, эл аралык мамиленин эпкиниКазынанын капшыты бөксөрдүИшкерлер: Кооптонуу көп, өкмөткө ишеним аз