Кытай АКШнын шайланган президенти Жо Байденди жеңиши менен куттуктады. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь 13-ноябрдагы басма сөз жыйынында: «Биз Америка элинин тандоосун сыйлайбыз. Биз Байден мырза менен Харрис айымды куттуктайбыз. АКШдагы шайлоо жыйынтыгы мыйзамга жана жол-жоболорго ылайык аныкталарын түшүнөбүз», - деп айтты.
Орусия азырынча Байденди жеңиши менен куттуктай элек. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва шайлоонун расмий жыйынтыгын күтөрүн билдирген. Буга чейин Байденди бир катар Батыш мамлекеттери куттуктаган.
Азыркы президент Дональд Трамп шайлоодо өзү утканын айтып, Байдендин жеңишин таануудан баш тартып келет. Анын юристтери добуш берүүдөгү олуттуу мыйзам бузуу болгонун айтып сотко кайрылышкан. Айрым штаттарда алардын арызы канааттандырылган эмес.
Ал арада Кошмо Штаттардагы NBC, CBS, ABC и CNN баштаган бир катар алдыңкы маалымат каражаттары Байден Аризонада анча чоң эмес айырма менен жеңгенин жазышты. Эми ага шайлоочулар коллегиясынын дагы 11 добушу кошулмакчы. АКШда президенттик шайлоодо 270тен кем эмес добуш топтогон талапкер жеңүүчү аталат. Ушул тушта Байденде бери дегенде 290, ал эми Трампта 217 добуш бар.
Аризона республикачы талапкерлерде колдогон штат катары белгилүү жана анда соңку ирет демократтардан чыккан талапкер Билл Клинтон 1996-жылы уткан.
Жоржияда жана Түндүк Каролинада шайлоонун жыйынтыгы так белгилүү боло элек.
Дагы караңыз
«Кендерге лицензия берүүгө мораторий кирди»Жапаровдун жыйынтыктоочу жыйыныАксыдагы адам өлүмү, тополоңдун изиОшто прокурор Улукбек Өмүрзаков кармалдыМигранттар үчүн паспорт жаңыртуу азапка айланды