Дөөлөт Сыдыков 14 сааттан ашык «Манас» айтты

Дөөлөт Сыдыков.

Бишкекте 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтты. Сыдыков «Манас» айтууну Бишкектин Ала-Тоо аянтында эртең менен баштап, кечинде аяктады.

Ал 14 сааттан ашык убакыт бою наар албай өнөрүн тартуулады. Манасчыны колдоп келген шаар тургундары, өнөр адамдары маал-маалы менен «Манас!» деп ураан чакырып турушту.

Гиннес китебине кирген рекорддор күнү жыл сайын ноябрь айынын орто ченинде өткөрүлөт. Кыргызстандык хирург Мамбет Мамакеевдин ысымы узак жылдардан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан адис катары бул китепке кирген. Ошондой эле бешбармак тамагы бир жасалганда 1,5 миң килограмм даярдалып, рекорд деп таанылган. Бул китепте кыргыз каскадеру Үсөн Кудайбергеновдун да ысымы бар. Ал 1980-жылы тартылган “Генийдин жаштыгы” кинотасмасында аргымак менен 27 метр бийиктиктеги аскадан сууга боюн таштап, бул трюгу Гиннес китебине жазылган. (TSh)

Дагы караңыз

Жапаров журналисттер менен жолугуштуЖапаров Путин менен телефондон сүйлөштү Матраимовдордун доосу боюнча сот 11-декабрга калды