Кыргызстанда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 12-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Анын шакирттери да маалыматты ырасташты.
Маалыматтарга караганда, 51 жаштагы Каныбек Исаков коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.
Ал 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган.
Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштап, министрликке чейин жеткен.
Каныбек Исаков 1993-1997-жылдарда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде мугалим болуп иштеп, 1995-жылы «Нур» гезитинин башкы редактору болгон.
1997-1998-жылдарда ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары, 1998-жылы ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы, 2000-2005-жылдары коомдук тарбия иштер боюнча проректор, 2005-2006-жылдарда мамлекеттик тил боюнча проректор болуп иштеген.
Дагы караңыз Билимге башын сайган инсан эле...2006-2011-жылдарда Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору болсо, 2011-2019-жылы ОшМУнун ректору кызматын аркалаган.
2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген.
Каныбек Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор. Көптөгөн монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалаларды жазган.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров: Эжеме саясий буюртма менен кылмыш иши козголгон (видео)Садыр Жапаров: Апрель окуясына жалаң эле Бакиевдер күнөөлүү эмес, аларды экстрадициялоо маселеси көтөрүлөтКлара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиБШК: Президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз бергендер 16 адамга жеттиФинпол: Максим Бакиевдин өнөктөшүнүн мүлкү боюнча ишке байланыштуу сот кызматкерлери кармалды