Коронавирус жугузуп алгандан кийин ооруканада жаткандардын ичинен 150 бейтаптын абалы өтө оор болууда. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, мындан сырткары 2164 бейтаптын абалы орто оор, 954 кишиники оор, 54 адамдыкы канааттандырарлык деп бааланууда.
Жалпысынан республиканын аймактарындагы ооруканаларда ушул тапта 3322 бейтап дарыланууда. Расмий маалыматта анализинен вирус аныкталып, бирок үй шартында дарыланып жаткандар 3874 киши экени белгиленген.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус алгач март айында расмий аныкталган. Илдет июль-август айларында кескин көбөйүп, көп адам кайтыш болгон. Август-сентябрь айларында оору басаңдай түшкөнү менен экинчи толкун октябрь айында башталып, вирус жугузгандар кайра көбөйө баштады.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 64 887ге жетип, алардын 55 824ү сакайды.
Марттан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1193кө жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып жатышат. (NT)
Дагы караңыз
Башкы прокурордун орун басарлары толугу менен алмаштыМигранттар үчүн паспорт жаңыртуу азапка айландыӨкмөт салык мыйзамдарын өзгөртүүгө белсенди«Манас» айтууну Гиннес китебине каттоо боюнча иш-чара башталды (видео)Коронавирустан бир күндө дагы беш кишинин өмүрү кыйылды