Экономика министрлиги: Ишкерлерди колдоо боюнча жаңы план иштелип чыгууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча жаңы программа иштеп чыгууда. Бул тууралуу 11-ноябрда «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» талкуусунда экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан буга чейин быйыл ишкерлерге жардам берүү максатында төрт план иштелип чыккан. Аларда коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдөн жабыркаган жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү, текшерүүлөргө мораторий киргизүү каралган.

Алыбаев бул чараларды жетиштүү деп толук айтуу кыйын экенин белгиледи:

«Бул чаралар толук жетиштүү деп айтуу кыйын. Бирок өкмөт колдон келгенин кылып жатат. Мындан тышкары, мыйзам чыгаруу, токтомдорду өзгөртүү, шарт түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иш-чаралар кабыл алынууда».

Министрдин орун басары белгилегендей, 6-10% үстөк менен жеңилдетилген насыяга 14 миллиард сом бөлүп берүү каралган, бүгүнкү күндө анын үч миллиард сому таратылып берилди. Мындан тышкары, айыл чарба тармагында иштеген 12 миң ишкерге 5,7 миллиард сомго жакын насыя акча бөлүндү.

Талкууга катышкан Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков өкмөт ишкерлердин көптөгөн сунуштарын жана өтүнүчтөрүн кабыл албай койгонун, жардам жеңилдетилген насыя менен гана чектелгенин айтты. Анын белгилешинче, салыктан жана ижара акысынан бошотуу, жумушсуз калгандарга жөлөкпул төлөп берүү сыяктуу өтүнүчтөр жоопсуз калды.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталып, чек аралар жабылган, карантин жарыяланган жана ишкерликтин көпчүлүк түрлөрүнө убактылуу тыюу салынган. (RK)

Дагы караңыз

Насыянын жүгү, өкмөттүн убадасы«200 млн. доллардан ашык капитал чыгарылды»Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы. Сингапурду саздан сууруп чыккан Ли Куан Ю