Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 11-ноябрда бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу маселелерди карап жатат. Күн тартибине сегиз мыйзам долбоору коюлуп, анын экөө башка күнгө калтырылды.
Мыйзам долбоорлорунун ичинде инвестицияларды колдоо боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына, Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселелер бар.
Комитеттин жыйыны парламенттин имаратында өтүп жатат.
Бул имарат 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда талкаланган. Ошондон бери парламенттин жалпы жыйындары, комитеттердин жана фракциялардын отурумдары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан.
Ал эми имараттын талкаланган бөлүгүн калыбына келтирүүнүн чыгымдарын Жогорку Кеңештин депутаттары өз мойнуна алганы мурда кабарланган. (ErN)
Дагы караңыз
Насыянын жүгү, өкмөттүн убадасы«200 млн. доллардан ашык капитал чыгарылды»Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы. Сингапурду саздан сууруп чыккан Ли Куан ЮКытай чек араны толук ачуу боюнча Кыргызстанга бир нече талап койдуЖаңы бийлик, эл аралык мамиленин эпкини