Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында бүгүн, 11-ноябрда өткөн митингде Нарын облусунун Эмгекчил, Тогуз-Торо районунун Казарман, Чүй облусунун Кемин жана Жалал-Абад облусунун Чаткал райондорунун айрым жашоочулары «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбековду иштен алууну талап кылышты.
Алар президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылышты. Акциянын жүрүшүн журналисттер жана уюштуруучулар Интернетте түз алып көрсөтүштү.
Нааразы болгондор талаптарын «Кыргызалтын» ишканасында бир катар мыйзамдар бузулуп келе жатканы, буга жетекчиликтин тиешеси бар экени өңдүү себептер менен негиздешти.
«Кыргызалтын» ачык акционердик коому нааразы тараптын билдирүүлөрүн куру доомат катары баалады. Ишкананын митингден кийин тараткан маалыматында жетекчиликтин дарегине карата билдирүүлөр жалган жана кезектеги каралоо экени, бүгүн нааразылык билдирип чыккандардын бир тобу "бул циркке" мындан ары катышууну каалабай турганын айтканы белгиленген.
Митингдин артында "Кыргызалтын" ачык акционердик коомун башкаргысы келгендер турганы да кошумчаланган.
Алимбековду 2015-жылдын апрелинде ишкананын директорлор кеңеши бул кызматка сунуш кылып, ошол кездеги өкмөт дайындаган. (NT)