Коронавируска каршы дары-дармектин запасы текшерилди

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева дарыканаларды текшерди. 9-ноябрь, 2020-жыл.

Дарыканаларда коронавируска каршы дары-дармектин 2-3 айлык топтому бар. Бул тууралуу фармкомпаниялардын маалыматына таянып социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Бишкектеги дарыканалардын айрымдарын текшергенде айтты.

Анын сөзүнө караганда, кечээ, 9-ноябрда мамлекеттик материалдык резервдин кампалары текшерилди, бүгүн жеке фармакологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулуп, дары-дармектин запасы жана баа саясаты талкууланат.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы быйыл март айында башталган. Оорунун биринчи толкуну июль айына туш келип, миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Октябрь айынын ортосунда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Дарыгерлер күн сууктап, сезондук сасык тумоо башталганда абал оорлошу ыктымал экенин айтып жатышат. (RK)