Ош шаарында 10 ай ичинде 33 киши өз өмүрүнө кол салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 2020-жылдын башынан бери 33 жаран өз өмүрүнө кол салган. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Мындай окуялардын ккыркысы 30-октябрда катталды. Анда 15 жаштагы кыз Сулайман-Тоодон боюн таштап каза болду. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталган. Шаардык милиция кыз ага чейин жакындары менен уруша кетип үйүнөн чыгып кеткенин тактаганын кабарлады.

Замир Сыдыковдун маалыматына караганда өз өмүрүнө кол салгандардын басымдуу бөлүгү 18 жаштан 40 жашка чейинки курактагылар. Алардын ичинен каза болгондордун көбү - эркектер. (DU)