«Орто-Сай» базарындагы өрт боюнча сотко чейинки териштирүү башталды

«Орто-Сай» базары. 9-ноябрь, 2020-жыл.

«Орто-Сай» базарындагы өрттүн чоо-жайын такташ үчүн Жазык кодексинин 201-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү») менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «Азаттыкка» кабарлагандай, экспертиза дайындалып, милиция фактынын негизинде териштирүү жүргүзүүдө.

Бишкектеги ири базарлардын бири «Орто-Сайда» 9-ноябрга караган түнү өрт чыгып, аянты болжол менен 1 800 чарчы метрди түздү. Кырсыктан базарда соода-сатык кылган ишкерлер, кийим тигүүчү цехтин ээси чыгымга учурады. (SE)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Базардагы өрт соодагерлерди күйгүздү

Дагы караңыз

ӨКМ: «Орто-Сай» базарындагы өрт өчүрүлдү, адамдар жабыркаган жок (видео)«Орто-Сай» базарындагы өрттү өчүрүүгө беш бригада тартылды (видео)Соодагерлерди сызга отургузган өрт