Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарын облусуна иш сапары менен барып, Жогорку Нарын ГЭС каскады курулчу жерди көрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жапаров бир катар социалдык курулуштар менен таанышып, облус эли менен жолугат.
Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 2012-жылы Орусия менен келишим түзгөн. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган соң Орусия Нарындагы курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирген. Аны төлөп берүүнү талап кылып эл аралык сотко кайрылган.
2020-жылдын май айында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына байланыштуу эл аралык сотто экспертиза аягына чыга электиги кабарланган. Кыргыз тарап долбоорго мындай суммадагы каражат сарпталганынан күмөн санаган жана эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылган.
Орусиянын компаниясынан кийин Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча чехиялык «Лигласс» компаниясы менен да макулдашуу түзүлүп, бирок долбоор ишке ашпай калган. Долбоорго инвестор табыла элек. (TSh)
Дагы караңыз
Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиБир күндө дагы жети медициналык кызматкерден коронавирус табылдыБишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы марш өттүКыргызстанда коронавирустан дагы беш киши каза болду