Грузияда шайлоодон кийин бийликти кулатууга даярдануу аракети боюнча иликтөө жүрүүдө

Грузияда шайлоо 31-октябрда өткөн.

Грузиянын Коопсуздук кызматы бийликти кулатууга даярдануу аракети боюнча ишти иликтейт. Мекеменин сайтында жума күнү жарыяланган кабарда иликтөө бир ай мурун башталганы айтылат. Атайын кызматка парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин айрым бир күчтөр өкмөттү күч менен кулатууну пландап жатканы боюнча ыкчам маалымат түшкөн. "Эхо Кавказа" медиасы парламент депутаты Ираклий Кобахидзе өз максатын көздөгөн топтордун тизмесин тергөөгө бергенин маалымдайт.

31-октябрда парламенттик шайлоодон кийин Тбилисиде нааразылык акциялары башталган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо деп атап, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Расмий жыйынтыкка ылайык, олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузиялык кыял” партиясы шайлоочулардын 48% ашык добушун алган. Бул пайыз аларга ушуну менен үчүнчү жолу өкмөттү төрт жылдык мөөнөткө түзүүгө мүмкүндүк берет.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулары шайлоону жалпы жолунан эркин жана атаандаштык менен өттү деп баалады. Бирок, уюм шайлоочуларга басым, административдик ресурс колдонулганы жөнүндө сөздөр Грузиянын шайлоо жараянынан ишеним кетиргенин белгилейт.

"Коммерсантъ" басылмасы Тбилисиде жекшембиде нааразылык акциясы өтөөрүн кабарлады. (TSh)

Дагы караңыз

Бир күндө дагы жети медициналык кызматкерден коронавирус табылдыБишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы марш өттүКыргызстанда коронавирустан дагы беш киши каза болду