Кыргызстанда 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Басма сөз күнү кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу негизделген.
Медиа уюмдар, журналисттер бирикмеси Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү туш болгон кол салуу, кысым көрсөтүлгөн фактыларды тизмектеп жатат. Алардын маалыматына караганда, 2020-жылы бир нече медиа мекемелердин кеңсесине чабуул жасалып, иликтөөчү журналисттер сабалган. Мындай окуялар 4-октябрдагы шайлоо жана андан кийин өткөн толкундоолор учурунда күчөгөн.
Иликтөө үчүн эскертүү алгандар
2020-жыл жаңырары менен 9-январда «FactCheck» порталынын редактору, иликтөөчү журналист Болот Темиров чак түштө сабалган. Ага басылманын кеңсесинин жанынан олбурлуу үч жигит кол салып, жерге жаткырып алып тепкилешкен. Болот Темиров кол салууну өзүнүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырып келет. Анткени окуядан бир ай мурун «FactCheck» сайты Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана анын уулунун кымбат баалуу сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу иликтөө жарыялаган. Журналисттин сабалышына шектүү катары үч адам кармалып камакка алынган эле. Алар “бейбаштык” жана “тоноо” беренесинин негизинде айыпталып жатат. Болот Темиров кылмышка шектүү делген үч адамга буйрук бергендер табылбай калганын билдирүүдө.
“Райымбек Матраимовдун жубайынын байлыгын ашкерелеген “Аманданын миллиону” деген иликтөө жарык көргөндөн кийин эле бизге ар кандай эскертүүлөр башталган. Алгач хаккерлер чабуул жасап, сайтыбызды үзгүлтүккө учураткан. Андан кийин эле кеңсебиздин жанынан мени сабап кетишти. Милиция бул окуяны катардагы мыйзам бузуу катары эле иликтеп жатат. Алар буйрук берген адамды тапканга ашыккан жок. Кылмышка шектүүлөрдүн бири мени менен пикири келишпегендиктен коркутуп коюу максатында сабаганын айтып жатат. Мен ал баланы өмүрүмдө көргөн эмесмин, тааныбайм дагы”.
Болот Темировдун “Аманданын миллиону” деп аталган иликтөөсүн көчүрүп чыгарган Кaktus.media, Economist.kg, pk.kg, vb.kg жана Kloop.kg сайттары дагы хаккерлердин чабуулуна туш болуп, ишинде кыйынчылыктар жаралганы белгилүү.
Болот Темиров Матраимовдордун байлыгына байланыштуу иликтөө жасаган алгачкы журналист эмес. Буга чейин «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган.
Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган. Бул материалдар жарык көргөндөн кийин расмий бийлик иликтөөдө айтылган фактыларга чара көрбөй келген.
Материалдын авторлоруна ар кандай коркутуулар, күч колдонуу фактылары катталган. Бийлик алмашкандан кийин, 20-октябрда УКМК Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовду камакка алып, эки миллиард сом казынага кайтара турганын билдирген. Ал ошол эле күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгып кетти.
Матраимов иши: Эркиндиктин баасы эки миллиард сомбу? Матраимов иши: Эркиндиктин баасы эки миллиард сомбу?3-мартта белгисиз адамдар “ПолитКлиника” онлайн-медиасынын кеңсесине түн жамынып кирип, документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен.
“ПолитКлиниканын” башкы редактору Дилбар Алимова кеңсеге киргендер башка баалуу буюмдарды алышпаганын айтып, «алар ууру эмес, башка максаттагы адамдар болушу мүмкүн» экенине басым жасаган. Басылма акыркы жылдары аткаминерлердин декларациясы тууралуу, Бишкек шаарында мыйзамсыз берилген жерлер боюнча иликтөө чыгарган. Окуяга шектүү адамдар азыркыга чейин табыла элек.
7-июнда Талас шаарындагы “3-канал” деп аталган телеканалдын кеңсесине өрт коюлду. Кылмышкерлер “3-канал” жайгашкан имараттын терезесин талкалап, өрт чыгаруучу каражаттарды ыргытып кетишкен. 2017-жылдан бери Таласта иш алып барган телеканал болжол менен жалпы суммасы 15 миң долларлык чыгымга учурады. Телеканалдын жетекчиси Жаннат Токтосунова мындай дейт:
“Телеканалдын өрттөлүшүнө анын негиздөөчүсү Айбек Турдалиевдин ишмердүүлүгү, карманган жарандык позициясы себеп болду деген ойдомун. Анткени, аталган окуяга чейин ар кандай эскертүүлөр болуп келген. Бул окуяны шайлоо алдындагы жалпы журналисттерге болгон эскертүү, коркутуу катары кабыл алсак болот. Негизи эле аймактагы журналисттерге жергиликтүү бийлик, тургундар тарабынан басым көп болот. Айрым топтор кеңсебизге чейин келишет. Биз мындай көйгөйлөр менен жеринен алышып келебиз. Бийлик өкүлдөрү, медиа уюмдар аймактардагы журналисттерге көнүл бурушу керек”.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникация департаменти Таластагы “3-канал” туш болгон окуяга байланыштуу билдирүү таратып, “кол салууну кескин айыптай турганын” билдирген. Коомчулук да кылмышка шектүүлөр жазаланышы керектигин талап кылышкан эле. Бирок күч органдары "3-каналга" өрт койгон адамдарды азырга дейре таба элек.
Толкундоолордо өмүрүн тобокелге салган журналисттер
4-октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда жана андан кийинки элдик тополоң маалында дагы журналисттерге кол салып, ар кандай топтор тарабынан медиа тармагына басым жасалган окуялар көп катталды. Добуш берүү күнү белгисиз адамдар “Азаттык” жана “Kloop” порталынын кабарчыларынын ишине толкоол болуп, телефондорун тартып алууга аракеттенди.
Ал эми шайлоодон кийинки митинг учурунда ушундай эле окуялар катталган. 9-октябрда өкмөт үйүнүн алдында митингде өздөрүн Садыр Жапаровдун тарапташтары катары тааныштырган адамдар “Азаттыктын” кабарчысына кол салган. Ушул эле күнү “7-каналдын” журналисти Мээрим Ташыбекованы бир нече аял курчоого алып, уюлдук телефонун жана микрофонун тартып алууга аракет көргөн. Аларга эки журналисттин Садыр Жапаровдун легитимдүүлүгү боюнча айткан сөздөрү жакпай калган. Бул күндөрү "24.kg" маалымат агенттигинин жана “Vesti.kg” сайтынын журналисттери дагы ар кандай коркутууларга туш болгон.
“Журналисттер” коомдук уюмунун жетечиси Марс Төлөгөнов журналисттер жабыркаган окуялардын себебин мындай деп чечмеледи:
“Журналист ар дайым эки тарапты чагылдырышы керек. Митингде жүргөн адамдарга экинчи тараптын пикири жакпай калышы толук мүмкүн. Ошондуктан алар кандай кадамдарга барып жатышат. “Биздин эле сөздү элге жеткир” деген туура эмес түшүнүк. Ошол эле маалда акыркы күндөрү ар кандай сайттар, телеканалдар жана блогерлер маалыматты тактап, чындыкты чагылдырган журналисттердин атын булгап жатышат. Эл болсо журналисттерди бир бүтүн катары кабыл алып жатат. Бул медиа сабаттуулуктун жоктугу”, - деди Марс Төлөгөнов.
10-октябрда болсо жоон топ адам “Sputnik.Кыргызстан” агенттиги жайгашкан имаратка келип, өкмөт үйүнүн алдындагы Садыр Жапаровду колдоо митингин чагылдырууну талап кылышкан. Эгер айткандары жарым саат ичинде аткарылбаса, анда редакциянын имаратынан талкалап кете турганын билдиришкен.
“Медиа Полиси” институтунун юристи Акмат Алагушев добуш берүү күнү жана андан кийинки элдик толкундоо маалында жабыркаган журналисттердин ишине юридикалык баа берилбей жатышына нааразылык билдирди:
“Кыргызстанда демократиянын калыптанышына журналисттердин салымы чоң. Ошол эле маалда кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бизде сөз эркиндиги өнүккөн. Бирок биз аларга эмес, Европа өлкөлөрүн карап теңелсек болбойбу? Чынын айтканда ар бир бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө сөз, ооз учу менен эле жардам бере турганын, коргоп аларын айтып келет. Ар дайым “силер сонунсуңар, чогуу иштейбиз” деп убада беришет. Бийлигин бекемдеп алгандан кийин суракка чакырып, куугунтукка ала баштайт. Сын айтсаң эле жалган жалаа катары кабыл алат. Жаңы бийлик да ушундай жолго түшпөй, сөз эркиндигине көңүл бурушу керек. Себеби сөз эркиндиги биздин байлыктардын бири”.
5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин бийликтин эки бутагын колго алып, президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн жардамына муктаж экенин айтып, мыйзам бузууларды ашкерелеген иликтөөлөрдү жасоого чакырган эле. Садыр Жапаровдун Маалымат жана басма сөз күнүнө байланыштуу куттуктоосу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Ал жерде мындай деп жазылган.
“Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артып, маалыматсыз жашоо элестетилбей калган учур. Мындай шартта демократиялык өнүгүү жолундагы Кыргызстан үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экенин өлкө турмушундагы орчундуу окуялар таасын далилдеп келет. Өлкөбүздүн тарыхый урунттуу учурларына, мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан өнүгүүсү үчүн жасап жаткан бардык иш-аракеттерине дагы курч калем ээлеринин кошкон салымы эбегейсиз”.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2020-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары 1800 субъект жана 126 телерадиокомпаниялар катталган.