Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова «Poland Open» эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Күрөш боюнча кыз-келиндер арасында мелдеш Польшанын борбору Варшавада 6-7-ноябрь күндөрү өттү. Ага Кыргызстандан беш балбан катышты.
Мелдеш аяктагандан кийин, спортчулар 9-ноябрдан 16-ноябрга чейин Спала (Польша) шаарындагы «Олимп Центр» спорт базасында эл аралык окуу-машыгууга катышат. (TSh)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров майрамдарга байланыштуу элге кайрылдыЖАМК: Атамбаевдин сүрөтү боюнча эки соттолуучу жазаландыНурлан Мотуев президенттикке талапкер болууга арыз тапшырдыКыргызстандын басма сөзүнө 96 жыл толду7-8-ноябрда Кыргызстанда Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленетБыйыл чек арада он чакты чыр катталды