7-8-ноябрда Кыргызстанда Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет

«Ата-Бейит» комплекси. Архив.

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон.

Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган. 2017-жылдан бери бийлик башчыларынын катышуусунда «Ата-Бейит» комплексинде иш-чаралар өткөрүлүп келген.

Ошол кездеги президент кол койгон жарлык «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максатында» кабыл алынганы айтылган.

7-8-ноябрда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү расмий майрам болуп саналат. (TSh)

Дагы караңыз

Улуу, Орто жана Кичи Үркүндөр (1916–1938)Элдик толкундоо: Бир айда эмне өзгөрдү?Австрия теракт боюнча шектүү жаран такай каттаган эки мечитти жапты