Башкы штабдын жетекчиси Кытай элчиси менен жолукту

Бишкектеги жолугушуу. 6-ноябрь, 2020-жыл.

6-ноябрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень менен жолукту.

Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, элчи Дэвень эки тараптуу кызматташтыкты жогору баалап, коргонуу багытында мындан ары да эриш-аркак иш алып баруу тууралуу айтты.

Генерал-майор Өмүралиев Кытай элчилигине коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда аскердик-медициналык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулаганы кабарланды. (BCh)

Дагы караңыз

Словакия: журналисттин өлүмү боюнча мурдагы полиция кызматкерлери камалды «Азаттык» подкаст сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады«Пандемия мени кандай өзгөрттү?» подкаст сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыДепутат Карамушкина Атамбаев менен жолугуп чыкты