Подкаст сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Сынакта жеңүүчү болгондор "Азаттыктын" студиясында. Айрым жеңүүчүлөр шартка байланыштуу келе алган жок.

Сынактын эң жаш катышуучусу - Камила Баекеева.

Сынакка кыргыз жана орус тилдеринде 90дой баян келип, техникалык сапаты жарактуу 60 баян azattyk.org сайтына, социалдык желеге жана подкаст платформаларга жарыяланды.

 

Келдибек Ниязов пандемияны сатирага салган баян жөнөткөн, Сайнаке Бообекова экология көйгөйүн көтөргөн

Пандемия күчөгөн учурда ыктыярчы дарыгер болуп иштеген Асман Жыргалбеков.

"Азаттыктын" редактору Заирбек Бактыбаев сынакта атайын сыйлыкка татыктуу деп табылган маданий ишмер Келдибек Ниязовго белек  берип жаткан учур.

Сынактын координатору Санжар Эралиев, подкастчылар - Айдай Керимова, Адил Какенов ж.б.

"Элден элге" деп аталган кайрымдуулук дүкөнүн ачканы тууралуу сынакка баян жөнөткөн Сайпидин Султаналиев.

Пандемия күчөгөн маалда кызыл зонада иштеген ыктыярчы-студент, болочоктогу дарыгер Кутман Майрамбек уулу

Сынактын катышуучулары - Авазбек Жусупбеков жана Азизбек Айтбаев.

Сайнаке Бообекова жана Камила Баекеева.

Сынакка кыргызча жана орусча баяндарды жөнөткөн эже-сиңдилер - Лидия жана Алия Ибраевалар

Заирбек Бактыбаев сынактын катышуучуларынын аты-жөнүн жарыялап жаткан учур

Сынакка алгачкылардан болуп баян жөнөткөндөрдүн бири - Адил Какеновго "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин директору Айзада Касмалиева белек тапшырууда.

Катышуучулар пандемиянын жашоосуна тийгизген таасирин, башынан өткөндөрүн баяндап, ойлорун ортого салышты.