“Мектеп шайлоосу” сериалынын трейлери

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Этно-медиа каналында кыргыз тилинде тартылган “Мектеп шайлоосу” аттуу алгачкы интерактивдүү сериал чыга баштады. Мектептин президенти кызматына эки талапкердин атаандаштыгынын мисалында алты кыска серияда мектептеги кодулоо, чыныгы достук жана адамдын кадыр-баркы тууралуу окуялар баяндалат. Сериалдын каармандары мектептеги шайлоо аркылуу азыркы коомдогу көрүнүштөрдү мини-версияда ачып беришет.