УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан коррупцияга байланышкан кылмыштарды тергөөнүн негизинде бюджетке келтирилген зыяндын 575 миллион сому өндүрүлдү. Бул маалыматы УКМКнын басма сөз кызматы таркатты.
575 миллион сом - октябрь айынын башынан тартып 5-ноябрга чейин өндүрүлгөн сумма.
Ошондой эле «Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасында мамлекеттик сатып алууда жана уюштуруу учурундагы коррупциялык схема аныкталды.
УКМК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында 2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы коррупциялык иштердин бетин ачты. Темир жолго сапаты начар курулуш материалдарын алуунун айынан мамлекеттик бюджет 25 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.
Бул иш боюнча аталган мамлекеттик ишкананын И.Г.А. аттуу кызматкери 4-ноябрда Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Алдамчылык») боюнча кармалып, сотко чейинки териштирүү башталды. «Кыргыз темир жолу» ишканасы жана анын кармалган кызматкеринин адвокаты УКМКнын маалыматына байланыштуу билдирүү тарата элек. (BCh)
Дагы караңыз
«Foreignlobby.com»: Садыр Жапаровдун кызыкчылыгын израилдик чалгындоочу жеке компания сүрөйтТүркияда айрым соцтармактар ири айыпка жыгылдыСадыр Жапаров: Тышкы карыздан өзүбүздүн эле ресурс менен кутулсак болот экен Кыргызстан быйылкы 4,1 миллиард сомдук тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартууну сурануудаУКМК: Бир млрд. доллардан ашык насыя алып, Кыргызстанды карызга батырган компаниялар аныкталды