Тоолуу Карабактагы тирешүү уланууда

Тоолуу Карабактагы көрүнүш.

Тоолуу Карабакта Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу тирешүү уланууда. 4-октябрда эртең менен армян тарап Азербайжандын Тоолуу Карабактагы Шуши шаарына коюлган чабуулунун мизин кайтарганын билдирди. Бирок расмий Баку бул маалыматты четке кагып, учурдагы уруш Татар, Агдам жана Мартуни шаарларынын айланасында жүрүп жатканын жарыялады.

Мындан бир күн мурун Армениянын Тышкы иштер министрлиги азери күчтөрүн «аскердик эмес объектилерди аткылап жатат» деп айыптаган. Азербайжан буга жооп кайтарып, тескерисинче армян аскерлери жайкын тургундарга атайлап сокку уруп жатканын билдирген.

Ал ортодо Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Москва Тоолуу Карабактагы ок атууну токтотуу тууралуу Ирандын сунушу менен таанышып жатканын айтып чыкты. Буга чейин Ирандын бийлиги Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чатакка ортомчу болууга даяр экенин билдирген болчу. Иран президентинин атайын чабарманы Аббас Аракчи бул маселе боюнча сүйлөшүү үчүн Азербайжанга, Арменияга, Орусияга жана Түркияга барган.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрда курчуп кеткен, куралдуу кагылышуу уланууда. Буга чейин Орусиянын жана АКШнын арачылыгы менен ок атууну токтотуу боюнча үч ирет келишим түзүлүп, бирок ал ишке ашкан жок.

Окуганга кызыктуу

Курулушчуларды каржалткан кыйынчылыктарКөмүскө акча ташыгандар тыйыла элекАвстрияны нес кылган чабуулКоронавирус менен алышкан дүйнө