Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ага 64 депутат макул болуп, 36 депутат каршы чыкты.
2010-2011-жылдары БШКнын төрагасы, 2002-2008-жылдары мүчөсү болгон Сариевдин талапкерлигин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы көрсөткөн. Буга чейин парламент БШКнын оппозициялык квота менен келген мүчөсү Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын өзү жазган арызына ылайык токтоткон.
БШКнын 12 мүчөсү бар. Аларды беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Талапкерлерди төрт кишилик квота менен президент, парламенттеги коалициялык көпчүлүк жана коалициялык азчылык көрсөтөт. (TSh)
Дагы караңыз
Бакыт Бакетаев президенттик жарышка катышарын билдирдиШайлоо мыйзамдарына кол коюла элекКонституциялык палата «Реформа» партиясынын Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга каршы арызын кабыл алдыБШК президенттик шайлоону өткөрүү планын жарыялады