Садыр Жапаров: кызматымды 14-ноябрга чейин өткөрүп берем

Садыр Жапаров.

3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кызматын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин билдирди.

«Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча президент, президенттин милдетин аткаруучу шайлоого катыша албайт. Бирок мен президенттин милдетин аткаруу милдетин 14-ноябрга чейин өткөрүп берем. Кудай буюрса катышам», - деди Жапаров.

Учурда БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырды. Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыктан, бул кызматын тапшырып берүүнү чечкенин билдирди. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев да президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз даярдап жатканын «Азаттыкка» кабарлады.

Дагы караңыз

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыСулайманов: Бабановду «Форумга» барууга эч ким бар мажбурлаган эмесБакыт Бакетаев президенттик жарышка катышарын билдирди

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат. Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган.

БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (TSh)