Рысалиев: Парламент имаратын «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары оңдосун

Зарылбек Рысалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев парламентте төраганы шайлоо боюнча жарыш сөздө сөз сүйлөп, «Республика - Ата Журт» фракциясынан спикерликке талапкерлиги көрсөтүлгөн Талант Мамытовго кайрылды.

«5-октябрда аянтка жөнөкөй эл шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Дал ушул азыр спикерликке талапкерлиги коюлуп жаткан, сиз талапкер болгон «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партияларынын 4-октябрдагы шайлоодо мыйзамсыз жеңип чыкканына каршы болуп, Жогорку Кеңештин имараты талкаланган. Мына, сиз азыр «бул имаратты оңдош керек» деп жатасыз. Аны элдин эсебинен эмес, башаламандыкка себеп болгон ушул үч партиянын эсебинен оңдойлу», - деди ал.

КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова Рысалиевдин бул сунушуна каршы чыгып: «Добушту силер сатып алгансыңар. Мен добуш сатып алууга бир да тыйын берген эмесмин. Кабинетимди өз эсебимден оңдобоймун!» - деди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда митингге чыгып, 5-6-октябрда парламенттин имараты өрттөлүп, талоонго учураган. Анын ремонтуна 400 миллион сомдон ашык каражат керек экенин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров айтып чыккан.

Бирок премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров парламент менен президенттик администрациянын имаратын оңдоого 10 миллион сом талап кылынарын билдирген. (BCh)

Дагы караңыз

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыФутбол легендасы Марадонага операция жасалат Талант Мамытов атасы алган насыя боюнча дооматтарга жооп бердиСадыр Жапаров: Парламенттик система эл менен бийликтин байланышын ажыратты