Кошмо Штаттардын чыгыш тарабындагы Индиана жана Кентукки штаттарында айрым добушканалар жабыла баштады. Бир сааттан кийин кайсы талапкерге добуш берери акырына чейин белгисиз болуп турган Флорида штатында да шайлоо жыйынтыкталат.
Бирок бир топ штаттарда добуш берүү дале уланууда. Маселен, Аляскада шайлоо Бишкек убактысы боюнча чак түшкө чейин токтобойт.
Кошмо Штаттарда президенттик шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.
Бул жолу 100 миллиондой жаран алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланды.
Дагы караңыз
АКШда шайлоодо Байден Трамптан көп добуш алды Садыр Жапаров: Тышкы карыздан өзүбүздүн эле ресурс менен кутулсак болот экен Садыр Жапаров: Матраимов акчасын күнүгө төгүп жатат Жогорку Кеңеш БШК мүчөсүн шайлоо маселесин карайт