Кыргызстанда доллардын курсу күн сайын көтөрүлүп баратат. 2-ноябрда менчик акча алмаштыруучу жайларда 83 сомго жеткен бир АКШ доллары 3-ноябрда 84 сом тогуз тыйынга бааланды. Улуттук банктын расмий сайтында курс 81 сом 80 тыйын бойдон өзгөрбөй турат.
Доллардын кыргыз сомуна карата курсу жогорулап кетишине ага суроо-талап күчөгөнү себеп болууда. Бул тууралуу Улуттук банк 2-ноябрда маалымдады. Мекеме «Tazabek» басылмасына билдиргендей, 1993-жылдан бери чет өлкөлүк валюталардын курсу суроо-талапка жана сунушка жараша калыптанып келет. Башкы банк аны аныктабайт, болгону орчундуу өзгөрүүлөрдү жумшартуу аракетин көрөт.
Бул жолу доллар кымбаттап кетишине негизинен суроо-талаптын күчөшү, чийкизаттын кымбатташы, коронавируска байланыштуу айрым өлкөлөр чектөө киргизгени себеп болгону айтылды.
Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда доллар 12-13 сомго көтөрүлдү, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти. (BCh)
Дагы караңыз Улуттук банк: Доллардын кымбатташына суроо-талап күчөгөнү себеп болууда