COVID-19: «Семетей» госпиталы кийинки аптада толук даяр болот

Мурдагы «Ганси» авиабазасынын ордунда иштеп жаткан «Семетей» госпиталы.

«Семетей» госпиталы коронавирус жуккан бейтаптарды кабыл алууга толугу менен бир жума ичинде даяр болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-ноябрь, дүйшөмбү күнү кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, лабораториясы даяр болду, реанимация бөлүмүндө 35, дарылоо бөлүмүндө 250 орун ачылды. 4-ноябрда медициналык жабдык жана техника орнотула баштайт.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясынан бери бул вирус 60 миңге жакын адамга жукту, алардын 51 миңден ашууну айыгып кетти, 1155и каза болду. Илдет жуккандардын 3,5 миңдейи медицина кызматкерлери.

«Семетей» госпиталы «Манас» аэропортунун жанындагы мурдагы «Ганси» авиабазасынын ордуна ачылган. (RK)