«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) 2-ноябрга белгиленген бөгөт чарасын кароо боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум болбой калды. Шаардык соттун басма сөз кызматы анын себеби тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Сот отуруму 3-ноябрга белгиленди. Буга чейин Көлбаевдин жактоочусу бөгөт чарасы боюнча шаардык сотко кайрылган.
Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары бөгөт чарасын кароого сот имаратына Көлбаев жеткирилбегенин жазып чыгышты.
22-октябрда «Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармалган. Атайын кызмат кримтөбөлдүн кармалышын баштан-аяк видеого тартып, коомчулукка жарыялаган болчу. Учурда Көлбаев «Кылмыштуу топ түзүү» беренеси менен шектүү катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат.
Дагы караңыз
Күч түзүмдөрүнүн күмөн жараткан күрөшү"Матраимов менен Көлбаевдин кармалышы - театрлашкан шоу"Эл аралык кылмыш тобунун өкүлү «Коля кыргыз» кармалдыКамчыбек Көлбаев 46 жашта. Ал 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.
АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. (TSh)