«Дордой» базарында иштегендер митингге чыгышты

Иллюстрациялык сүрөт.

«Дордой» базарында иштеген ондогон сатуучулар Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар «Торугарт» чек ара бекетинин ачылышын камсыздоону талап кылышууда.

Митингчилердин атынан «Азаттык» радиосуна маалымат берген Диана Жайчыбекова жаңы сезонго карата сатуучуларда товар жок болуп жатканын, Кытайдан алдырылган товар чек арадан өтпөй турганын айтты.

«Дордой» базарынын соодагерлери буга чейин да бир нече ирет чек араны ачууну өкмөттөн талап кылган. Акыркы жолу премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун катышуусундагы ишкерлер жыйынында көтөрүлүп, соодагерлердин ишкердиги дээрлик токтоп калганын, салык төлөөгө мүмкүнчүлүгу жогун билдиришкен.

Кыргыз-кытай чек арасы быйыл февраль айында жабылган. Андан бери товар ташууга аба каттамдары аркылуу гана уруксат берилип, кара жол аркылуу товар ташууга чакан өлчөмдө кыска мөөнөттүк гана мүмкүнчүлүктөр берилип келген.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери чек аралардын баары жабылып, азыркы тапта Кыргызстандын Казакстан, Өзбекстан, Орусия менен байланышы жарым-жартылай калыбына келген. (BCh)

Дагы караңыз Бизнес-акыйкатчы: Кыргызстандагы саясий туруксуздук экономикага чоң сокку урду