Жапаров Баткендеги Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун көрдү

Садыр Жапаров Баткенде.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткенде иш сапары менен жүрөт. Ал Бакай айылына жакын Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык курулуш иштерин көрүп чыкты.
2013-жылы эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда ушул аймакта чыр чыгып, атышуу менен коштолгон. Ошол учурда да эки тарап Кыргызстанга 25 чакырымдык Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык - Кишемиш жолун, Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жолду бир учурда курууну сүйлөшкөн. Бирок ал макулдашуу боюнча иштер толук бүтпөй калган.

Кыргызстанга караган Кишемиш жайлоосуна кыргыз тарап чыгат. Ал эми Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жолу Ворух анклавы аркылуу өтүп, көп чыр чыккандыктан Кыргызстан айланма жол курууга киришкен. Былтыр Баткендеги жол куруу иштерине 220 млн. сом бөлүнгөн.

Баткендеги иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Тажикстан менен чырлуу Ак-Сай айылына барат, ал жакта Көк-Таш, Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу менен таанышып, чек арада жашаган эл менен жолугат. Андан соң Баткен шаарындагы борбордук стадиондо аймактын калкы менен жолугушат. (AiA/JsA)

Дагы караңыз Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө
Дагы караңыз Садыр Жапаров Измирдеги кырсыкка байланыштуу Түркиянын президентине көңүл айтты
Дагы караңыз Жаңы бийлик, эл аралык мамиленин эпкини