Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Чүй облусунун аймагында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, атайын схема менен товар үчүн төлөм деген мыйзамсыз 180 миллион доллар акча каражатын Кытайга алып бараткан факт аныкталганын кабарлады.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул кылмыштуу топтун салыктан качкан мыйзамсыз аракети өлкө казынасына бир миллиард сомдон ашык зыян келтирген. Бул фактыга шектүү катары 29-октябрда Бишкек шаарынын бир тургуну кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал 30-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө абагына камакка алынды.
Учурда Финполиция мыйзамсыз акча ташыган схемага байланыштуу башка жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. (TSh)
Дагы караңыз
Финпол көмүскө ташылган миллиондор боюнча ишти УКМКга өткөрүп бердиӨлкөдөн 932 млн. доллар чыгарылганИИМ: акча ташыган адамды өлтүрүүгө шек саналгандардан 100 миң доллар алынды