1-ноябрда Түркияда 70 жаштагы адам урандылардын астынан аман-эсен куткарылды.
Куткаруучулар аман калгандарга жардам берүүнү улантууда. 1-ноябрда зилзаланын курмандыктары 51ге, жарадарлар 900 кишиге жеткени кабарланды.
30-октябрда Эгей деңизинде күчү дээрлик жети баллга жеткен силкинүүдө Түркия менен Грекия зыян тартты.
Эки мамлекеттин өкмөттөрү түрдүү маселелерде көп жылдардан бери уланып келаткан дипломатиялык пикир келишпестиктерге карабай, бири-бирине көңүл айтышты.
Табият кырсыгында курман болгондордун 49у Түркиянын Измир шаарында, экөө Грекиянын Самос аралында.