«Айылдык кыз» долбоору онлайн окууга техникалык жардам уюштурду

«Айылдык кыз Village Gir» долбоору 27 телефонду аймактарга жөнөтүүгө камынууда.

Элет жергесинде жашаган окуучу кыздардын билим алуусуна колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн «Айылдык кыз Village Girl» долбоору алыскы аймактардагы аз камсыз болгон окуучулардын онлайн окуусуна техникалык жардам бергени жатат.

Бул үчүн аралыктан окууга шарт түзүүчү «Zoom» жана башка программаларды көтөрө ала турган 30га жакын чөнтөк телефон чогултулду. Анын баары жакынкы күндөрү аймактарга жеткирилип берилерин «Азаттык» радиосуна долбоордун автору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Мээрим Нурланбекова айтып берди:

«Жеңем айылда жашайт. Өзү мугалим. Айлыгы төрт миң сом. Балдарды окутканы насыяга ноутбук алганын көрдүм. Жеңемдин айтымында, сентябрь айында кээ бир окуучулар онлайн сабактарга кире албай жүрүштү. Биз кыздар менен сүйлөшө калып, ар кайсы компанияларга кайрылдык. Албетте, чогултуу оор болду. Анткени кээ бирлери мурда колдонуп жүргөн девайстарын, айрымдары жакшы иштебей калгандарын берип жатышты. Баарын чогултуп, сатчусун саттык. Акчага айландырып, сатып алып жаттык. Ошентип 27 девайс чогулду. Жардам бергендер баары биздин өлкөнүн жарандары. Германиядан 100 доллар салышты».

«Айылдык кыз Village Girl» долбоорун 2018-жылы ошол кезде университеттерде билим алып жаткан алты кыз негиздеген. Максаты – айылдык кыздардын билимин өнүктүрүү, аларды шыктандыруу жана дем-күч берүү. Бүгүнкү күнгө карата 100гө жакын окуучу кыз долбоордун тренингдерине катышып, алган билимин мектебиндеги башка курбуларына жайылтты.

«Айылдык кыздар ITде» долбоорунун алкагында октябрь ичи дүйнөлүк «Google», «Facebook», «Zensoft» сыяктуу компанияларда иштеп, IT тармагында ийгиликке жетишкен кыргызстандык кыздар менен түз эфирлер уюштурулду. Аларга беш миңдей окуучу катышып, арасында дароо таасирленип, IT курстарга жазылып, бул тармакта өзүн сынай баштагандары болду.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталып, мектептер, бала бакчалар жана бардык окуу жайлары карантинге жабылган. Окуу процесси жаңы окуу жылында да аралыктан уланып жатат.

Долбоорго катышууну каалагандар https://instagram.com/villagegirlkg дареги аркылуу кайрылса болот. (RK)