Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептеринин сапатын жакшыртуу маселесин колго алмай болду. Министрликтин маалыматына караганда, бул үчүн атайын «Окуу китеби» деген республикалык илимий-практикалык борбор түзүлдү.
Борбор окуу китептеринин мазмунун жакшыртуу максатын көздөйт. Министр Алмазбек Бейшеналиев китеп даярдоо жаатындагы адистер менен жыйын өткөрүп, иш планын талкуулады.
Кыргызстанда 2,5 миңге жакын мектепте миллиондон ашуун бала билим алат.
Буга чейин окуучулардын билими тууралуу күбөлүктөрдө, аттестаттарда жана окуу китептеринде каталар болуп жатканы тууралуу маселе коомчулукта кызуу талкууга алынган.
Былтыр айрым басмакана ээлери Билим берүү жана илим министрлигиндеги окуу китебин басып чыгаруу тендериндеги коррупциялык элементтерге жол берген одоно мыйзам бузуу тууралуу даттанышкан. Министрликтин тендердик комиссиясы мындай дооматты четке каккан. (RK)
Дагы караңыз
Тажикстан: ойго салган билим деңгээлиКөзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен китептер басылып чыктыБаткен облусунда 22 мектепте электрондук китепкана ачылдыЖаштардын өксүгү жана дем берүүчү китептерКыргыз коомунун кеменгер айымыКитепкөйлүктү жайылтыш үчүн талдоо зарыл«Онлайн университет» Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры жөнүндө китептин бет ачарын өткөрөтАтпай кыргыздын Агайы кетти...